Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду

Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп,  4 адам каза болду.

2131041
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп,  10 адам дайынсыз жоголду

Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү жүрүп 4 адам каза болду.

Кытайдын түштүк аймактарында, өзгөчө Гуандун провинциясында өткөн жумадан бери нөшөрлөп жааган жамгырдын баллансы оор.

Сел жана жер көчкүдөн улам Чжаоцин шаарында 3, Шаогуан шаарында 1 адам каза болду.

Шаогуан жана Цинюань шаарларында дайынсыз жоголгон 10 адамды издөө иштери уланууда.

Шаогуан, Гуанчжоу, Хэюань, Чжаоцин, Цинюань, Мэйчжоу жана Хуйчжоу шаарларында жашаган 110 миңге жакын адам жер көчкү жана суу ташкын коркунучунан улам эвакуацияланды.

Бейшембиден тарта Кытайдын түштүк аймактары мезгилдик нормадан ашык нөшөрлөгөн жаандын таасиринде болуп, сел жана жер көчкү көптөгөн имараттарды жана айыл чарба жерлерин жараксыз абалга келтирди.

6 кишинин жаракат алгандыгы билдирилип,  таасирленген аймактарда  19 миллион  400 миң Америка доллары материалдык чыгымдын келтирилгендиги белгиленген.

 



Тектеш кабарлар