Европа Биримдиги Иранга каршы санкцияларын кеңейтүүдө

Жозеп Боррелл Ирандын Израилге кол салуусунан кийин бул өлкөгө  каршы чыгарылган жаңы санкция чечимин жарыялады.

2131040
Европа Биримдиги Иранга каршы санкцияларын кеңейтүүдө

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Иранга карата «Россияга учкучсуз учуучу апарат трансфери» тууралуу ишке ашырган санкцияларды, ракеталарды жана Жакынкы Чыгыш менен Кызыл деңизге трансферлерди да камтый тургандай кеңейтүү чечимин чыгарды.

Европа Биримдигинин тышкы кары  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Боррелл мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер жана коргоо министрлеринин Люксембургдагы жыйынынан кийинки билдирүүсүндө, Ирандын Израилге кол салуусунан кийин бул өлкөгө  каршы чыгарылган жаңы санкция чечимин жарыялады.

Боррелл : «Иранга каршы учурдагы дрон санкцияларын, ракеталарды жана Россияга трансферин камтый тургандай түрдө кеңейтүү үчүн саясий келишим түздүк. Өзгөчө бул алкактын географиялык аянтын кеңейтип,  дрон жана ракеталардын бир гана Россияга эле эмес, ошол эле учурда Жакынкы Чыгыш жана Кызыл деңиз аймагына трансферин да  ишке ашыруу чечимин чыгардык»,- деди.

Европа Биримдигинин Иранга каршы массалык жок кылуучу куралдарынын жайылышы, адам укуктарын бузуу жана Россияга учкучсуз учуучу аппараттарын берүүсүнөн улам санкция программалары бар.



Тектеш кабарлар