Газада каза болгондордун саны 34 миң 183кө жетти

Израиль армиясынын Газа тилкесинде акыркы 24 саатта жасаган кол салууларында  32 палестиналыктын каза болгону, 59 палестиналыктын жараланганды.

2131039
Газада каза болгондордун саны  34 миң  183кө жетти

Израиль армиясы чабуулдарын 200 күндөн бери улантып жаткан Газа тилкесинде акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 32ге көбөйүп, 34 миң 183кө жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин 200 күндөн бери Газа тилкесине карата кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын Газа тилкесинде акыркы 24 саатта жасаган кол салууларында  32 палестиналыктын каза болгону, 59 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

 Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында 7 - октябрдан бери каза болгондордун саны 34 миң 183кө, жаралуулардын саны 77 миң 143кө жеткени маалымдалды.

Газада акыркы 10 күндө каза болгондордун саны 469га жетти.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде азыр да сөөктөрдүн  бар экендиги, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу кызматкерлеринин сөөктөргө жете албагандыгы да билдирилди.

 



Тектеш кабарлар