Орусияда 23-апрелге карата иш-чара

Программага Түркиянын Москвадагы элчиси Танжу Билгич жана жубайы Бетүл Аксой Билгич катышты.

2130621
Орусияда 23-апрелге карата иш-чара

Орусиянын борбор шаары Москвада 23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамына карата иш-чара өткөрүлдү.

Түркиянын Москвадагы элчилиги жана Москва Түрк Аялдар Уюмунун (МТКО) кызматташтыгында бир соода борборунун көп максаттуу залында «Эл аралык балдар фестивалы» аталышында майрамдык салтанат уюштурулду.

Москвадагы Юнус Эмре институту (YEE), Орус-түрк ишкерлер коому (RTIB), Түрк аба жолдору (THY) жана Орусиядагы түрк ишкерлери салым кошкон программага Түркиянын Москвадагы элчиси Танжу Билгич жана жубайы Бетүл Аксой Билгич катышты.

Программага Москвада жашаган түрк жана орус балдарынан тышкары Азербайжан, Албания, Австралия, Бангладеш, Швеция, Япония, Кыргызстан, Казакстан, Колумбия жана Пакистандан балдар үй-бүлөлөрү менен катышты.

Балдардын ар түрдүү музыкалык аспаптарды чертүүсү менен башталган майрамдык программада Түркиянын жана Орусиянын Мамлекеттик гимндери ырдалды.

Андан соң балдар 23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы, Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрк, Түркия жана мекенге болгон сүйүү тууралуу ырларды окуп, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Орус элдик бийлеринин үлгүлөрү тартууланган программада орус балдары орус музыкалык аспаптары менен чакан концерт беришти.

Иш-чара программага келген бардык балдардын сахнада чогуу фотосүрөткө түшүүсү менен аяктады.



Тектеш кабарлар