Йерапетритис Кувейт жана Катарга барат
Йерапетритис Люксембургдагы Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурда жасаган билдирүүсүндө Жакынкы Чыгыш, Украина жана Африкадагы кризистерге көңүлдөрдү бурду.
Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Йерапетритис Жакынкы Чыгышта тынчтык үчүн Кувейт жана Катарга барат.
Йоргос Йерапетритис Люксембургдагы Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурда жасаган билдирүүсүндө Жакынкы Чыгыш, Украина жана Африкадагы кризистерге көңүлдөрдү бурду.
Бул аймактардагы көйгөйлөрдүн гуманитардык кризистерди күчөткөнүн белгилеген Йерапетритис, кризистердин айланадагы өлкөлөргө да жайылып кетүү коркунучунун бар экенин айтты.
Йерапетритис: «Тынчтык аракеттеринин негизинде жыйындан дароо кийин көптөгөн көйгөйлөрү бар жана гуманитардык апаатты башынан өткөрүп жаткан Жакынкы Чыгыш аймагында тынчтык алкагын түзүү максатында биргелешип күрөшүү үчүн Катар жана Кувейтке барам»,-деди.
Тектеш кабарлар
Баербок: "Орусиялык хакерлердин чабуулдары жазасыз калбайт"
Немис министри Австралиянын Аделаида шаарында өткөргөн басма сөз жыйынында билдирүү жасады.