Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газа тилкесине 199 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2130734
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын Газага 2023-жылдын 7-октябрынан берки кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 54кө көбөйүп 34 миң 151ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесине 199 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесине акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 54 палестиналыктын каза болгону, 104 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине уланткан кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 34 миң 151ге, жаралуулардын саны 77 миң 84кө жеткени кабарланды.

Билдирүүдө ошондой эле урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экендиги, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.



Тектеш кабарлар