Барзани: "Эрдоганды Эрбилде тосуп алганым үчүн кубанычтамын"

Барзани президент Эрдогандын Иракка сапарына байланыштуу социалдык медиа баракчасы X аркылуу түркчө билдирүү жасады.

2130855
Барзани: "Эрдоганды Эрбилде тосуп алганым үчүн кубанычтамын"

Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунун (КРГ) башчысы Нечирван Барзани, президент Режеп Таййип Эрдоганды Иракка сапарынын алкагында Эрбилде тосуп алганы үчүн кубанычта болгонун айтты.

Барзани президент Эрдогандын Иракка сапарына байланыштуу социалдык медиа баракчасы X аркылуу түркчө билдирүү жасады.

Барзани өз билдирүүсүндө: «Президент Эрдогандын Багдад жана Эрбилге болгон тарыхый сапары аймактагы сезимтал мезгилге туш келүүдө»,-деди.

Сапардын Ирак жана Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугу менен Түркиянын ортосундагы күчтүү саясий, экономикалык жана коопсуздук байланыштарына да көңүлдөрдү бурганын белгилеген Барзани билдирүүсүндө: «Президент Эрдоганды Эрбилде тосуп алганым үчүн кубанычтамын. Тынчтык, ырааттуулук жана экономикалык өнүгүү сыяктуу маанилүү темаларды талкуулайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар