Орусиянын АКШ кабыл алган мыйзам долбоорлоруна каршы чыгуусу

Орус маалымат агенттиги ТАССка билдирүү жасаган Песков, тоңдурулган орус активдерин Украинанын пайдасына колдонууну көздөгөн мыйзам долбоорун АКШнын Өкүлдөр палатасынын жактыруусуна баа берди.

2130289
Орусиянын АКШ кабыл алган мыйзам долбоорлоруна каршы чыгуусу

Орусиянын президенттигинин Кремль сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) тоңдурулган орус активдерин Украинанын кызыкчылыгы үчүн колдонуу чечимине жооп берилерин билдирип: «Бул АКШнын аброюна орду толгус зыян келтирет», - деди.

Орус маалымат агенттиги ТАССка билдирүү жасаган Песков, тоңдурулган орус активдерин Украинанын пайдасына колдонууну көздөгөн мыйзам долбоорун АКШнын Өкүлдөр палатасынын жактыруусуна баа берди.

Москва бул кабыл алынган мыйзамга кандай жооп берет деген суроого Песков: «Эгер чындап эле ушундай болсо, АКШ бул үчүн жооп бериши керек. Балким, эч кандай убакыт чектелбейт. Биз муну өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга ылайыктуу түрдө жасайбыз»,-деп жооп берди.

Песков тоңдурулган орус активдеринин камакка алынышы АКШнын имиджине сокку ураарын белгилеп: «Орусиянын активдерин камакка алуу боюнча мыйзамга келсек, майда-чүйдөсүнө чейин такташ керек. Кандай болгон күндө да сөз чындап эле биздин активдерди камакка алуу жөнүндө болсо, бул АКШнын аброюна орду толгус зыян келтирет жана өлкөдөгү көптөгөн инвесторлорду салган акчасын кайтарып алууга мажбурлайт. Анткени жеке менчиктин, өзгөчө мамлекеттик менчиктин иммунитети бузулат»,-деди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова да АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы кабыл алган мыйзамга байланыштуу социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.

Украинага жардамды камтыган бул мыйзамдын дүйнөдөгү кризистерди ого бетер күчөтөрүн белгилеген Захарова: «Киев режимине аскердик жардам берүү террордук аракеттерди түздөн-түз колдоону, Тайванга аскердик жардам берүү Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү, Израилге жардам берүү аймакта болуп көрбөгөндөй чыңалуунун күчөшүн билдирет»,-деп айтты.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, АКШнын Украинага көрсөткөн жардамын камтыган бул мыйзам долбоорун кабыл алуусу «согуштун курмандыктарын максималдуу түрдө көбөйтөт» деп баалады.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы кечээки жыйынында Украинага, Израилге жана Тайванга 95 миллиард долларлык жардам көрсөтүү жана тоңдурулган Орусиянын активдерин Украинанын пайдасына пайдалануу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.



Тектеш кабарлар