Ооганстанда селден 99 адам каза болду

Ооган басма сөзүндө орун алган кабарга караганда,суу ташкындары эң көп адам жана материалдык жоготууларга Газни, Пактия, Жузжан, Фарах, Саманган, Перван, Хилменд жана Нангерхар провинцияларында себеп болду.

2130245
Ооганстанда селден 99 адам каза болду

Ооганстанда акыркы эки аптада болгон селден 99 адам каза болду.

Ооган басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, суу ташкындары эң көп адам жана материалдык жоготууларга Газни, Пактия, Жузжан, Фарах, Саманган, Перван, Хилменд жана Нангерхар провинцияларында себеп болду.

Ооганстандын Убактылуу өкмөтүнүн Жаратылыш кырсыктары боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Молла Канан Саик акыркы 4 күндө кеминде 29 адам каза болгонун, 11-14-апрель аралыгында да 33 киши каза болгонун билдирди.

TOLO News каналынын маалыматына караганда, акыркы эки жумада өлкө боюнча селден улам 99 адам каза болуп, 60тан ашуун адам жаракат алды.

Бир тараптан Ооганстандын метеорология мекемеси өзгөчө өлкөнүн борбордук жана түндүк-чыгыш аймактарында ашыкча жаан жана сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.



Тектеш кабарлар