Израилдин Газа тилкесиндеги кол салуулары

Израиль күчтөрү 198-күндөн бери Газа тилкесиндеги чабуулдарын улантып, калкты ачка жана суусуз калууга мажбурлап чоң гуманитардык кырсыкка себепкер болду.

2130294
Израилдин Газа тилкесиндеги кол салуулары

Израил армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 48ге көбөйүп, 34 миң 97ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 198 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесине акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 48 палестиналыктын каза болгону, 79 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 34 миң 97ге, жаралуулардын саны 76 миң 980ге жеткени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле каза болгондордун бар экендиги, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы да кайталанды.

Израиль армиясынын Газа тилкесине абадан, кургактыктан жана деңизден түнү бою кол салууларынан каза болгондор жана жаралангандар болду.

Израиль күчтөрү 198-күндөн бери Газа тилкесине кол салууларын улантып, калкты ачка жана суусуз калууга мажбурлап чоң гуманитардык апаатка себепкер болду.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израиль армиясынын түнү бою абадан, кургактыктан жана деңизден Газа тилкесинде, өзгөчө Рефах шаарына чейин кол салууларынан эң аз 19 киши каза болду.

Израилдик согуштук учактардын Рефах шаарына күчтүү кол салууларынын натыйжасында 9у бала болгон кеминде 16 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Израиль согуштук учактары Рефахтын борборундагы Шабура лагеринде бир үйдү бутага алып, натыйжада бир үй-бүлөдөн 3 киши каза болуп, көп сандаган киши да жараланды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта Израиль армиясынын Батыш Шериадагы Тулкеримдеги Нур Шамс баш калкалоочулар лагерине болгон кол салуулардан кеминде 14 палестиналыктын каза болгондугу белгиленди.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын кабарына караганда өлкөнүн түндүгүндөгү Батыш Шерианын Наблус шаарындагы Аль-Савия шаарчасына куралдуу мыйзамсыз жөөт баскынчылары тарабынан ок атуулардын натыйжасында 48 жаштагы палестиналык тез жардам унаасынын айдоочусу каза болду.

Ошол эле учурда Газа тилкесиндеги Палестинанын Жарандык коргонуу башкармалыгы Израиль армиясынын Рефах шаарына абадан кол салуусунда каза болгон көп сандаган палестиналыктын сөөгү табылганын жарыялады.



Тектеш кабарлар