Түндүк Корея канаттуу жана зениттик ракетасын сынады

Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги  (KCNA) билдиргендей, Ракета башкы башкармалыгы кечээ Сары деңизде жасалган сыноолор тууралуу билдирүү жасады.

2130143
Түндүк Корея  канаттуу  жана зениттик ракетасын сынады

Түндүк Корея "супер чоң согуштук дүрмөттөр" канаттуу ракетасы менен  жаңы үлгүдөгү зениттик ракетаны сыноодон өткөргөнүн билдирди.

Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги  (KCNA) билдиргендей, Ракета башкы башкармалыгы кечээ Сары деңизде жасалган сыноолор тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө "супер чоң согуштук дүрмөттөрү" колдонулган  "Hwasal-1Ra-3" канаттуу ракетасынын сыналгандыгы белгиленди.

Өзгөчө "Pyoltsi-1-2" аттуу жаңы үлгүдөгү зениттик ракетанын сыноодон өткөнү, бул сыноолордун тиешелүү мекемелердин  иши экени айтылды.

Йонхап агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Сары деңизге карай атылган бир нече канаттуу ракета жана зениттик ракеталардын аныкталгандыгы жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар