Россия : Украина 50 учкучсуз учуучу аппараты менен кол салды
Россиянын коргоо министрлиги Украинанын бир түндө 50 учкучсуз учуучу аппараты менен Россиянын жерлерине кол салгандыгын билдирди.
2130118
Россиянын коргоо министрлиги Украинанын бир түндө 50 учкучсуз учуучу аппараты менен Россиянын жерлерине кол салгандыгын билдирди.
Министрликтен берилген кол салууга байланыштуу билдирүүдө : "Өткөн түнү Киев башкаруусунун Россия Федерациясынын жерлериндеги буталарга учак үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу аракети бөгөттөлдү",- деп айтылды.
Орус абадан коргонуу ракеталык системаларынын 50 учкучсуз учуучу аппаратын жок кылгандыгы белгиленген билдирүүдө булардын 26сынын Белгород, онунун Брянск, сегизинин Курск, экөөсүнүн Тула аймактарында; Смоленск, Рязан, Калуга жана Москва аймактарында бирден учкучсуз учуучу аппараттарынын атып түшүрүлгөндүгү айтылды.