НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет

НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.

2130092
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын Украинага кыска убакытта абадан коргонуу системаларын берүү чечимин чыгарганын жарыялады.

НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.

Жыйындан кийин  Столтенберг НАТОнун альянстын бардык жабдыктарынын картасын чыгаргандыгын жана Украинага берүү үчүн  жеткиликтүү системалар бар деген жыйынтыкка келгенин айтты.

Столтенберг : "Ошондуктан жакында Украинанын абадан коргоо жөндөмдүүлүктөрүнө байланыштуу жаңы маалыматтарды күтүп жатам",- деди. 

Булардын арасында Патриот системаларынын да бар экендигин айткан Столтенберг министрлердин өзгөчө  155 миллиметрлик ок  - дары, терең тактык менен сокку уруу мүмкүнчүлүктөрү жана учкучсуз учуучу аппараттар сыяктуу башка көптөгөн шашылыш муктаждыктарга да токтолгондорун айтып : "Ар бир НАТО союздашы эмне бере аларына чнчим чыгарат. Жыйында айрым союздаштар так убада беришти жана жакында билдирилишин күтүп жаткан салымдарды тактап жатышат",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар