Израилдин Рафахка карата кол салуусу

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафахтын ар кайсы жерлерине жасаган кол салууларында кеминде 8 палестиналык каза болду.

2130086
Израилдин Рафахка карата кол салуусу

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафахтын ар кайсы жерлерине жасаган кол салууларында кеминде 8 палестиналык каза болду.

Саламаттык сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда Рафахтын чыгышындагы Эс - Селам районунда болгон кол салууда палестиналык бир аял каза болуп, кээ бирлери да жараланды, бирок жаралангандардын саны тактала элек.

Шаардын батышындагы Тель эс-Султан районунда Рыдван үй-бүлөсүнө таандык бир үйдүн бомбаланышынын натыйжасында 7 палестиналык каза болуп, арасында балдар да болгон көп сандаган киши жараланды.

Жаралуулар  Рафахтагы Кувейт ооруканасына жеткирилип,  жарандык коргонуу топторунун урандылардын астынан каза болгон жана жаралууларды чыгаруу иштеринин улантылып жаткандыгы жана каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар