Иракта аскердик базага кол салуу болду

Ирактын Бабил аймагында шиит куралдуу күчтөрүнөн турган Хашди Шабиге караштуу штабга АКШ тарабынан абадан кол салуу болду.

2130054
Иракта аскердик базага кол салуу болду

Ирактын Бабил аймагында шиит куралдуу күчтөрүнөн турган Хашди Шабиге караштуу штабга АКШ тарабынан абадан кол салуу болду. 

Хашди Шабинин Бабил басма сөз кеңсесинин  "Facebook" эсебинен берилген маалыматта : "Бабилде аскердик Калсо базасындагы Калкан, Серайал  ел  -  Жихад жана Нухба директорлугуна АКШ тарабынан душмандык менен кол салуу болду",- деп айтылды. 

Билдирүүдө кол салууда каза болгондордун же жабыркагандардын болбогону белгиленди.

Хашди Шаби берген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Бабилдин түндүгүндө Калсо базасындагы Хашди Шаби штабында бир жарылуу болду. Изилдөө тобу окуя болгон жерге барды. Жарылууда материалдык чыгым болуп, жаралуулардын да болушу мүмкүн",- деп айтылды. Билдирүүдө  жарылууда  7 аскердин жаракат алгандыгы белгиленди. 

Ошол эле учурда  Хашди  - Шабиге караштуу Кетаиб Сеййидүл Шухеда аттуу  куралдуу күчтөрдүн  лидери Абу Ала ал-Велай бул окуянын артындагы  кылмышкерлерди  кол салуу менен коркутту.

АКШнын Борбордук күчтөр командирлиги CENTCOMдун социалдык медиадан берилген маалыматында : "Бүгүн  АКШнын Иракка абадан сокку ургандыгы тууралуу маалыматтар бар. Бул маалыматтарр чындыкка жатпайт.  АКШ бүгүн  Иракка абадан сокку урган жок", - деди.

 

 



Тектеш кабарлар