Газада каза болгондордун саны 34 миң 49га жетти
Палестинанын ГазадагыСаламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 197 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 49га жетти.
Палестинанын ГазадагыСаламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 197 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесинде акыркы 24 саатта жасаган кол салууларында дагы 37 палестиналыктын каза болгону, 68 палестиналыктын жараланганы белгиленди.
Израилдин 7 - октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 49га, жаралуулардын саны 76 миң 901ге жеткени маалымдалды.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде сөөктөрдүн бар экендиги, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы да кайталанды.