БУУ : Суданда адам колу менен пайда болгон кризис абдан чоң көлөмдө

Судандагы кырдаал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде талкууланды.

2130182
БУУ : Суданда  адам колу менен пайда болгон кризис абдан чоң көлөмдө

Бириккен Улуттар Уюму Суданда 25 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экенин, 8,6 миллион кишинин жер которууга аргасыз болгонун белгилеп : "Судандагы кризис, адам колу менен жасалган кризис, көлөмү абдан чоң",- деп эскертти.

Судандагы кырдаал БУУнун Коопсуздук Кеңешинде талкууланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын саясий жана тынчтыкты орнотуу иштери боюнча орун басары Розмари ДиКарло тараптардын Судандагы жарандарды коргобогондугун жана ушул убакка чейин 14 миңден ашуун кишинин каза болгонун белгиледи.

 

ДиКарло Суданда 25 миллион кишинин гуманитардык жардамга муктаж экенин, 8,6 миллион кишинин жер которууга мажбур болгонун айтып : "Суданда  толугу менен адам колу менен жасалаган кризис бар, көлөмү абдан чоң",- деди. 

Аймактын  ачарчылыктын босогосунда экенин белгилеген ДиКарло тараптардын тыштан алган колдоо менен согушту уланта алганын, мунун Кеңеш тарабынан киргизилген санкция режимин бузганын белгиледи.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин Операция жана коргонуу бөлүмүнүн дирекору Эдем Восорну да Эль-Фашердеги кагылышуунун 800 миң жаранды коркунучка саларын  эскертти.

Суданда ачарчылык коркунучунун күчөгөнүн белгилеген Восорну : "Ачарчылыкты болтурбоо үчүн тараптар гуманитардык жардамды жеңилдетүү үчүн шашылыш чараларды көрүшү керек», - деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар