БУУ : Газада 270 миң тонна катуу таштанды чогулду

БУУ Израилдин кол салуусу астындагы Газада  270 миң тонна катуу таштандынын чогулгандыгын, мунун саламаттыкты сактоо жана экология боюнча олуттуу маселелерди алып келгендигин билдирди.

2130122

БУУнун катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Газадагы абалга байланыштуу билдирүү жасады.

Аймактык муниципалитеттерден алган маалыматтарды билдирген Дужаррик Газадагы таштандыларды чогултуу жана жөнгө салуу системасынын таштандыларды башкаруу объектилери менен медициналык таштанды борборлорунун талкаланышынан улам чоң зыянга учураганын белгиледи.

Дужаррик : "Газада  270 миң тонна катуу таштанды чогулган. Бул экологиялык жана саламаттыкты сактоо боюнча олуттуу маселе жаратууда", -деди. 

Бир тараптан Газадагы гуманитардык жардам кызматкерлери үчүн коркунучтардын уланып жатканына көңүл бурган Дужаррик кагылышуу, жолдорду бузуу жана жарылбаган бомбалардын табылышы ишти кыйындатканын белгиледи.

Ошол эле учурда, Газадагы өкмөттүн медиа кеңсеси Газа тилкесинин эки жума мурун бардык суу кудуктарынын толук жабылышынан улам жарандарга коркунуч туудурган экологиялык кырсыкка кабылып жаткандыгын айтты.

Тектеш кабарлар