Зеленскийге кол салуу планы: бир киши камакка алынды

Польшанын Улуттук прокуратурасы, Павел К аттуу адамдын камакка алынышына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2129534
Зеленскийге кол салуу планы: бир киши камакка алынды

Польшада орус чалгын кызматынын Украинанын президенти Владимир Зеленскийди өлтүрүү планын колдогон деген айып менен бир киши камакка алынды.

Польшанын Улуттук прокуратурасы, Павел К аттуу адамдын камакка алынышына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Билдирүүдө Польшанын Украина чек арасынан болжол менен 90 километр алыстыкта ​​жайгашкан Ржешов-Ясионка аэропорту тууралуу кеңири маалыматты ачыкка чыгарууга аракет кылган Павел Кнын Орусия-Украина согушунда кызмат кылган орустар менен байланышууга аракет кылганы белгиленди.

Бул маалыматтардын Зеленскийге кол салуу аракетинде колдонулушу мүмкүн экени, эгер камакка алынган Павел К күнөөлүү деп табылса 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылды.

Америкалык аскерлердин көзөмөлүндөгү Ржешов-Ясионка аэропорту Украинага жөнөтүлгөн гуманитардык жана аскердик жардамдардын өтүүчү пункту болуп саналат.

Бир тараптан Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Батыштын Украинанын президенти Владимир Зеленскийди “жок кылууну чечкенин” билдирди.

Медведев социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Польшада Зеленскийге кол салуу аракетинде колдонулушу мүмкүн болгон маалыматтарды ачыкка чыгарууга аракет кылган бир адамдын камакка алынышына сереп салды.

Зеленскийдин олуттуу дүрбөлөңгө түшүүгө себептеринин бар экенин айткан Медведев, Польшада Зеленскийге кол салуу аракети болушу мүмкүн экенин жактады.

Медведев: «Бул Батыштын аны жок кылууну чечкендигинин биринчи далили болушу мүмкүн, - деди.



Тектеш кабарлар