Шольц: "Түркия ар дайым маанилүү стратегиялык өнөктөш"

Олаф Шольц Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги Европа Биримдигинин Лидерлер саммитинен кийин маалымат жыйынын өткөрдү.

2129660
Шольц: "Түркия ар дайым маанилүү стратегиялык өнөктөш"

Германиянын канцлери Олаф Шольц, Түркиянын ар дайым маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин айтты.

Олаф Шольц Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги Европа Биримдигинин Лидерлер саммитинен кийин өткөргөн маалымат жыйынында, саммитте Германиянын демилгеси боюнча Түркия менен карым-катнаштардын каралганын билдирди.

Саммитте байланыштардын өнүктүрүлүшү тууралуу кеңири сүйлөшкөндөрүн белгилеген Шольц: «Түркия маанилүү стратегиялык өнөктөш, ал дайыма эле оңой боло бербейт. Бул биргелешип чечишибиз керек болгон көптөгөн маселелерге тиешелүү. Ошондуктан келечекке багытталган перспективага муктаждыгыбыз бар. Жакшы кызматташтык эки тараптын тең кызыкчылыгында»,- деди.

Германиянын канцлери мунун өзгөчө Бажы биримдигин өнүктүрүү, модернизациялоо жана алар үчүн маанилүү болгон миграция темасындагы кызматташууну камтыганын билдирди.

Кипр маселесине байланыштуу демилгелерди баштоо үчүн аракет кылып жаткандарын белгилеген Шольц, ошондуктан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жетекчилигиндеги ортомчулук сүйлөшүүлөрүн жандандырууга чакырышкандарын жана теманын бул жерде терең талкууланганын маалымдады.  



Тектеш кабарлар