Россиядан Украинага карата кол салуу болду

Россиянын Украинанын Днепропетровск облусуна жасаган ракеталык кол салуусунда  8 киши каза болуп, 29 киши жараланды.

2129887
Россиядан Украинага карата кол салуу болду

Россиянын Украинанын Днепропетровск облусуна жасаган ракеталык кол салуусунда  8 киши каза болуп, 29 киши жараланды.

Украинанын Ички иштер министрлиги Россиянын Днепропетровск облусуна катуу ракеталык кол салуу жасаганын жарыялады.

Днепро шаарында 5 кабаттуу имараттын атылгандыгы белгиленген билдирүүдө бул кол салууларда  2 кишинин каза болгондугу 20 кишинин да жаракат алганы маалымдалды.

Синельникове районунда Россиянын кол салуусунан 4 үйдүн жарым-жартылай кыйраганы, 10 үйдүн зыянга учураганы белгиленип, сөз болгон кол салууда 6 киши анын ичинен 2 баланын каза болгондугу, 6 кишинин жараланганы бөлүшүлдү.

Өзгөчө Россиянын аймактагы Кривий Риг шаарына кол салуусунун натыйжасында 3 кишинин жараланганы да айтылды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да социалдык медиа эсебинен орус армиясынын кол салууларында Днепродо бир имараттын жарым жартылай кыйрагандыгын, поезд станциясынын зыян тарткандыгын билдирип : «Жаралуулардын баарына керектүү жардам берилүүдө. Тилекке каршы каза болгондор бар. Үй  - бүлө жана жакындарына көңүл айтамын»,- деди.

Зеленский : «Украинага абадан коргонуу системаларын берген ар бир мамлекет, өнөктөштөрүбүздү абадан коргоо системаларын эки сактоочу жайларда эмес, террористтердин кол салуусу астындагы чыныгы шаарларда жана коомдордо жайгаштырылышы керектигине көндүрүүгө жардамчы болгон ар бир лидер, коргонуубузду колдогондордун баары куткаруучу. Орус террорун жеңүүгө мажбурбуз. Биз бир гана өлкөбүз үчүн эле эмес, бир гана украиналыктар үчүн эле эмес, глобалдык бир муктаждык»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар