Россияда бомбалоочу учак кырсыкка учурады

Кырсыктын техникалык мүчүлүштүктөн келип чыккандыгы билдирилди.

2129708
Россияда бомбалоочу учак кырсыкка учурады

Интерфакс агенттиги Россиянын Коргоо министрлигине таянуу менен Ту-22М3 стратегиялык бомбалоочу учагынын өлкөнүн түштүгүндөгү Ставрополь облусунда эртең менен кулап түшкөндүгүн билдирди.

Министрлик бомбалоочу учактагы төрт учкучтун секиргендигин, үчөөсүнүн куткарылганын, төртүнчү учкучту издөө иштеринин уланып жаткандыгын маалымдады.

Кырсыктын техникалык мүчүлүштүктөн келип чыккандыгы билдирилди. 

Украина аба күчтөрү командирлиги болсо Россияга танадык ТУ  - 22  М3 үлгүсүндөгү бомбалоочу учагын атып түшүргөндөрүн маалымдады.

 



Тектеш кабарлар