Остин - Галлант сүйлөшүүсү

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы генерал Пэт Райдердин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Остин менен Галланттын телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

2129777
Остин - Галлант сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин Израилдин коргоо министри Йоав Галлант менен Иран жана Газаны талкуулады.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысы генерал Пэт Райдердин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Остин менен Галланттын телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Билдирүүдө эки министрдин аймактык коркунучтар жана «Ирандын Жакынкы Чыгыштагы туруксуздаштыруучу аракеттери» темасында пикир алмашканы айтылып, Остиндин Газадагы жарандарга гуманитардык жардам агымынын көбөйүшүнүн жана улантылышынын, анын ичинде Ашдод портундагы жаңы каттамдын маанилүүлүгүнө көңүл бурганы маалымдалды.

Эки министрдин сүйлөшүүсү, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газанын түштүгүндө 1,5 миллионго жакын жер которгон палестиналык баш калкалаган Рафах шаарына кирүү күнүн белгилегенин жарыялоосунан кийин өткөрүлдү.

Пентагон Газадагы Рафах шаарынынын абалын жана Израилдин ыктымалдуу аскердик операциясын израилдик жетекчилер менен талкуулоону улантканын кабарлаган.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына кирүү үчүн датаны белгилегени жарыяланган.



Тектеш кабарлар