Кытай космостук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп жатат

Билл Нельсон Кытайдын өзүнүн космостук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдегенин белгилеп, АКШ “кыраакы болушу керек” деди.

2129663
Кытай космостук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп жатат

Кытай жарандык программаларды колдонуу менен космостогу аскердик жайгашуусун  жашырып, муну менен космостук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдегендиги билдирилди.  Америка Кошмо Штаттарынын Авиациялык жана космостук агенттиги НАСАнын төрагасы Билл Нельсон Конгресстин мүчөлөрүнө Кытайдын космостук ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. 

Нельсон Кытайдын космос тармагында  акыркы 10 жылда өзгөчө прогресске жетишкенин, бирок муну абдан жашыруун түрдө жасаганын белгилеп : "Кытай  жарандык космос программасы деп атаган көптөгөн нерсенин аскердик программа экендигине ишенебиз",- деген Нельсон  Пекиндин администрациясы бул программаларды колдонуу менен космостогу аскердик жайгашуусун  жашырып жаткандыгын ортого салды. 

Билл Нельсон Кытайдын өзүнүн космостук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдегенин белгилеп, АКШ “кыраакы болушу керек” деди.

Эки өлкөнүн бул темада жарышта экенин жана АКШнын бул жарышта Кытайдан мурда Айга барышы керектигин белгилеген Нельсон Кытай АКШдан мурда Айга бара турган болсо кээ бир космос аймактарды  өзүнүн жери  катары талап кыла аларын айтты. 

Кытай 2030 - жылдан баштап Айга адам башкарган экспедиция уюштуруп барууну,  2050 - жылга чейин Айда толук иштей турган изилдөө базасын түзүүнү максат кылууда.

 

 



Тектеш кабарлар