Кенияда тик учак кырсыкка учурап башкы штабдын төрагасы жана аскердик кызматкрелер каза болду

Президенттиктин билдирүүсүнө караганда, кырсыкта башкы штабдын төрагасы Оголла менен 10 аскер кызматкери каза болуп, 2 аскер да жараланган.

2129746
Кенияда тик учак кырсыкка учурап башкы штабдын төрагасы жана аскердик кызматкрелер каза болду

Кенияда болгон тик учак кырсыгында башкы штабдын төрагасы Фрэнсис Оголла менен 10 аскердик кызматкердин каза болгондугу билдирилди.
Президенттиктин билдирүүсүнө караганда, кырсыкта башкы штабдын төрагасы Оголла менен 10 аскер кызматкери каза болуп, 2 аскер да жараланган.

Мамлекет башчысы Уильям Руто маалымат жыйынында тик учактын абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кыйраганын белгилеп, жоготуулар үчүн кайгыргандыгын баса белгиледи.

Кырсыктын кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат  14:20да болгондугун айткан Руто аба күчтөрүнүн кырсыктын себебин белгилөө үчүн окуя болгон жерге абадан изилдөө тобунун жиберилгендигин айтты. 

Руто кырсыктан улам жалпы өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыялангандыгын билдирди. 



Тектеш кабарлар