Израилдин Иранга жооп кайтаруу кол салуусун баштагандыгы жарыяланды

Америка медиасында аты билдирилбеген жетекчилерге таяндырылып берилген кабарга караганда Израиль бүгүн эрте менен Иранга карата кол салды.

2129622
Израилдин Иранга жооп кайтаруу кол салуусун баштагандыгы жарыяланды

Америка медиасында аты билдирилбеген жетекчилерге таяндырылып берилген кабарга караганда Израиль бүгүн эрте менен Иранга карата кол салды.

ABC News Израилдин Сирия менен Ирактын кээ бир аймактарына да сокку урду деген сөздөрдүн ырасталбаганын белгиледи.

Америкалык бир жетекчи CNN телеканалына берген маегинде Израиль кол салуудан мурда "Иранга каршы чектелген контрчабуул жасай турганын" жарыялаганын жана АКШнын бул чабуулду "колдобогонун" белгиледи.

Ошондой эле жетекчи кол салуу болгон аймактын өзөктүк объект эмес экенин кошумчалады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Пентагон сөз болуп жаткан чабуулду азырынча расмий түрдө ырастай элек.

Ирандын маалымат каражаттары жардыруу үндөрү Ирандын аба күчтөрүнүн базасы жайгашкан Исфахан провинциясынын түндүк-чыгышында угулганын жарыялады.

Мамлекеттик телекөрсөтүүнүн кабарында : «Кабар булактары Исфахан аймагында дагы катуу жарылуу үндөрүнүн угулгандыгын билдирүүдө. Бул үндүн булагынын эмне экендиги азырынча белгисиз»,- деп айтылды.

Жарым расмий Fars News агенттиги жергиликтүү булактарга таянуу менен Исфахандын түндүк-чыгышындагы Кехжаваристан шаарында жарылуу үнү угулганын кабарлады.

Ирандын мамлекеттик маалымат агенттиги бир топ облуста абадан коргоо батареяларынын атылгандыгын билдирди.

Ирандык жетекчилер Иранга ракеталык кол салуунун болбогонун бир нече дрондун атып түшүрүлгөндүгүн белгиледи.

Жарым расмий Мехр маалымат агенттиги жергиликтүү убакыт боюнча саат04:00 чамаларында Исфахан8 -негизги реактивдик базасына жакын3 дрондун төмөндөн коргонуу системалары тарабынан жок кылынгандыгын маалымдады.

Стратегиялык жактан маанилүү жерде жайгашкан Исфаханда аскердик илимий-изилдөө багыттары жана көптөгөн маанилүү объектилер, ошондой эле базалар бар.

Ага чектеш Натанз шаарында Ирандын өзөктүк байытуу жайларынын бири жайгашкан.

Ирандын расмий телеканалы Исфахандагы өзөктүк объектилерге эч кандай таасир тийгизбегенин жана өзөктүк объектилердин бутага алынбаганын билдирди.

Израилдин расмий радиосу Израилдин Иранга кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала электигин жарыялады.

Израиль Ирандын Дамасктагыэлчилик кампусунда жайгашкан консулдуктун имаратына абадан чабуул жасап, Иран Төңкөрүш Гвардиясынан экөөсү генерал болгон 7 киши каза болду.

Тегеран тарабы болсо өткөн аптада Израилге жооп берди.300дөн ашуун ок- дары жүктөлгөн дрон жана ракеталар менен Израилге каршы жасалган «Чыныгы убада» операциясында1 киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар