Израилде нааразылык акциялары уланууда

Израилдик туткундардын жакындары жана жактоочулары Коргоо министрлигинин имаратынын алдына чогулуп, ок атышууну токтотууну талап кылышты.

2129674
Израилде нааразылык акциялары уланууда

Израилдин Газадагы кыргындары уланып жатканда, премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга өлкөнүн ичинде да кыжырдануу уланууда.

Туткундардын үй-бүлөлөрү жана тарапкерлери баш калаа Тель-Авивде кайрадан көчөгө чыгышты.

Израилдик туткундардын жакындары жана жактоочулары ок атышууну токтотуу талабы менен Коргоо министрлигинин имаратынын алдына чогулушту.

Демонстранттар палестиналык каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын колундагы туткундардын мүмкүн болушунча тезирээк мекенине кайтып келишин талап кылышты.

Митингчилер Коргоо министрлигинин имаратынан өлкөнүн эң ири профсоюзу Хисдатруттун штаб-квартирасына чейин басып барышты.

«Жалпы иш таштоо же колдоо», «Чукул кырдаал келишими» деген жазууларды көтөргөн демонстранттар, Хидатруттан туткун алмашуу келишимине кол коюусу үчүн өкмөткө кысым көрсөтүүнү талап кылышты.



Тектеш кабарлар