Израиль Сирияга ракета менен кол салды

Израилдин Сириянын түштүк чек арасындагы Башар Асад режиминин армиясынын абадан коргонуу системалары жайгашкан бир нече жерге ракеталык чабуул жасагандыгы билдирилди.

2129937
Израиль Сирияга ракета менен кол салды

Израилдин Сириянын түштүк чек арасындагы Башар Асад режиминин армиясынын абадан коргонуу системалары жайгашкан бир нече жерге ракеталык чабуул жасагандыгы билдирилди.

Сириянын САНА маалымат агенттигинин кабарында өлкөнүн түштүк аймагындагы кээ бир пункттардын жергиликтүү убакыт боюнча саат 02.55те Израиль күчтөрү тарабынан ракеталар менен бутага алынганы айтылды.

Кабарда : "Душман Израиль Палестинанын түндүгүнөн Сириянын түштүк аймагындагы абадан коргоо системаларын ракета менен атты. Кол салууда материалдык чыгым болду",- деп айтылды. 

 

Израиль жетекчилеринен кол салууга байланыштуу эч кандай билдирүү келген жок. 

Сириянын түштүгүндө борбор шаар Дамаск жана элет аймактарында Сирия армиясы жана Иран колдогон террордук топтор менен бирге Ливан Хизбуллахы элементтеринин бар экендиги маалым.

Израиль Сириядагы жарандык согуш башталган 2011-жылдан бери Иран колдогон топторго жана Сирия армиясына таандык аскердик пункттарга маал-маалы менен кол салууда.

Ирандын маалымат каражаттары жардыруулардын үндөрү Ирандын аба күчтөрүнүн базасы жайгашкан Исфахан провинциясынын түндүк-чыгышында угулганын жарыялашкан.

Исфахан провинциясындагы жардыруу үнүнөн кийин борбор Тегеран, Исфахан, Шираз жана Ирандын айрым аймактарында аба каттамдарынын токтотулганы кабарланды.

 



Тектеш кабарлар