Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат

Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.

2130013
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат

Россиянын президенти Владимир Путин келерки аптада Москвада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушат.

Россиянын Президенттик сарайы Кремлден берилген маалыматка  караганда Путин 22 - апрелде расмий жолугушуу үчүн  Москвага бара турган Алиев менен жолугушат.

Жолугушууда Россия  -  Азербайжан стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык карым  - катнаштарынын дагы да өнүктүрүлүшүнө байланыштуу негизги темалар каралат.

Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.

Байкал - Амур темир жол линиясынын курулушунун башталышынын 50 жылдыгына карата Путин менен Алиев темир жол кызматкерлери менен жолугушат.

Кремлден алынган маалыматка караганда,  бул жолдун курулушун Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин атасы Гейдар Алиев башкарган.

 

 



Тектеш кабарлар