Газада каза болгондордун саны 34 миң 12ге жетти

Израилдин Газа тилкесине 196 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2130010
Газада каза болгондордун саны 34 миң 12ге жетти

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 34 миң 12ге жетти.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 196 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесине акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 42 палестиналыктын каза болгону, 63 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 34 миң 12ге, жаралуулардын саны 76 миң 833кө жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле сөөктөрдүн бар экени, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.



Тектеш кабарлар