АКШ Палестинанын БУУга мүчөлүгүнө вето койду

Алжир тарабынан Палестинанын БУУга толук мүчөлүгүн талап кылган резолюция долбоору 15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында добушка коюлду.

2129739
АКШ Палестинанын БУУга мүчөлүгүнө вето койду

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде Палестинанын БУУга толук мүчөлүгүн талап кылган резолюция долбооруна вето койду.

Алжир тарабынан Палестинанын БУУга толук мүчөлүгү талап кылынган резолюция долбоору 15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында добушка коюлду.

АКШ "каршы" добушун берген мыйзам долбооруна 12 "макул" жана 2 "калыс" добушу берилди.

Англия менен Швейцария “калыс” болсо, Орусия, Кытай, Франция, Алжир, Мальта, Эквадор, Гайана, Словения, Сьерра-Леоне, Мозамбик, Түштүк Корея жана Япония мыйзам долбооруна “макул” деп добуш беришти.

Мыйзам долбоору кабыл алынышы үчүн 5 туруктуу мүчөнүн эч бири “каршы” добушун бербеши жана жалпысынан 9 “макул” добушун алуусу керек эле.

Резолюция долбоорунун текстинде «Палестинанын БУУнун Башкы ассамблеясынын толук кандуу мүчөсү катары кабыл алынышы сунушталды» деген сөздөр камтылган.

Палестина 2011-жылы БУУга толук мүчө болуу үчүн кайрылган, бирок БУУнун Коопсуздук Кеңешинде керектүү колдоону алган эмес. Палестина 2012-жылы БУУнун "туруктуу байкоочу статусуна" ээ болгон.

Палестинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Рияд Мансур 2-апрелдеги билдирүүсүндө, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке кат жолдоп, мүчөлүк арыздарынын кайра каралышын суранган.

Гутерриш да 3-апрелде БУУнун Коопсуздук Кеңешине кат жазып, Палестинанын талабын күн тартибине киргизүүнү талап кылган.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши болсо Палестинанын өтүнүчүн 8-апрелде “Жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу комитетине” жөнөткөн.

Мүчөлүк боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешине жооп бериши керек болгон Комитет эки жыйналыштан кийин бир пикирге келе албаганын жарыялаган.

Андан кийин Алжир Палестинанын мүчөлүгү боюнча резолюция долбоорун сүйлөшүүлөргө ачкан.



Тектеш кабарлар