АКШ менен Израиль Рафах темасында макулдашты

АКШ менен Израилдин улуттук коопсуздук кызматкерлери онлайн жыйында Ирандын Израилге жасаган акыркы кол салууларын жана Израилдин Рефахка карата ыктымалдуу чабуул пландарын талкуулашты.

2129545
АКШ менен Израиль Рафах темасында макулдашты

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен израилдик жетекчилердин "Рафахта Хамастын жеңилүүсү" боюнча бир пикирге келишкени жана Израиль тараптын аймакка чабуул жасоо пландарында "АКШнын айткан тынчсызданууларын" эске ала турганы кабарланды.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, АКШ менен Израилдин улуттук коопсуздук кызматкерлери онлайн жыйында Ирандын Израилге жасаган акыркы кол салууларын жана Израилдин Рефахка карата ыктымалдуу чабуул пландарын талкуулашты.

Билдирүүдө тараптардын Рафах боюнча өз ара пикирлерин ортого салышканы айтылып: «Эки тарап Рафахта Хамастын жеңилгенин көрүү максаты темасында макулдашты»,-деген сөздөр камтылды.

Америкалык тараптын Израилдин Рафахка каршы ыктымалдуу кол салуу пландарына байланыштуу тынчсыздануусун билдиргени жана Израиль тараптын бул тынчсызданууларды эске ала турганы маалымдалды.

Тараптардын кеңири сүйлөшүүлөр үчүн жакын арада дагы бир жолу чогула тургандары белгиленди.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон), Газадагы Рафах шаарынын абалы жана Израилдин ыктымалдуу аскерий операциясынын АКШ менен израилдик жетекчилердин ортосунда талкууланып жатканын билдирген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун болсо Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына кирүү үчүн датаны аныктаганы кабарлаган.



Тектеш кабарлар