Афганистанда болгон селде 70 киши каза болду
Улуттук апаат агенттигинин басма сөз катчысы Жанан Саек селден каза болгондордун саны 70ке, жаракат алгандардын саны 56га жеткенин жарыялады.
Афганистандын көпчүлүк бөлүгүндө таасирдүү болгон жамгыр жол ачкан селде каза болгондордун саны 70ке, жаралуулардын саны 56га жетти.
Улуттук апаат агенттигинин басма сөз катчысы Жанан Саек селден каза болгондордун саны 70ке, жаракат алгандардын саны 56га жеткенин жарыялады.
Саек 2500дөн ашык үйдүн кыйраганын же зыянга учураганын, 2000ден ашуун малдын кырылып, 95 миң декардык айыл чарба жаянтынын чоң зыянга учураганын билдирди.
Аба ырайын маалымдоо кызматы дагы төрт күн жаан жаай турганын эскертти.
Афганистанда аба ырайынын жылышы менен кыш айларында жааган кардын эриши, нөшөрлөгөн жамгырдын айынан сел жүрүп, жетерсиз инфраструктура жүздөгөн адамдын өлүмүнө себеп болууда.
Тектеш кабарлар
Израиль палестиналыктардын сөөгүн күттүрүүнү улантууда
Шейиттредин сөөгүнө байланыштуу Кайра алуу демилгеси тарабынан маалымат берилди.