"Вампир" өлүмчүл бактериялары

Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.

2129479
"Вампир" өлүмчүл бактериялары

Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды. Вашингтон мамлекеттик университетинин (WSU) илимпоздору кандагы инфекциялардын пайда болушун изилдеп, кээ бир өлүмчүл   бактериялардын адамдын канындагы химиялык затка айланып, ошол жерден азыктангандыгын аныкташты.

Изилдөөнүн лидери Сиена Гленн сальмонелла, ичеги таякчасы жана citrobacter koseri аттуу үч өлүмчүл   бактериянын адамдын канын бутага алганына көңүл буруп «бактериалдык вампиризм» өзгөчөлүгүн көрсөткөн бул бир клеткалуу микроорганизмдердин «вампир сыяктуу» адамдын канына жакын экенин айтты. 

Бактериялардын өзгөчө ичеги оорулары бар адамдардын тамак сиңирүү системасынын кесилиштери аркылуу бактериялардын канга кирерин белгилеген Гленн адамдын канындагы затты 1 мүнөттө эле аныктай аларын белгиледи.

Гленн бактериялардын кан булактарына кантип жетээрин билгенден кийин буга ылайыктуу дары-дармектердин иштелип чыгарын айтып,  бул дарылардын жардамы менен  кандын айлануу инфекциясы коркунучун ташыган адамдардын  ден соолугунун чың боло аларын айтты.

Тийиштүү изилдөөнүн жыйынтыктары "eLife" илимий журналда жарыяланды. 

 



Тектеш кабарлар