Израил Нусейрат лагеринин түндүгүнөн чыгып кетти

Урандылардын астында дагы ондогон каза болгондор бар экени баса белгиленди, бирок сөөктөрдү таап алып чыгуу үчүн жарандык коргонуу топторуна жер казуучу жабдыктар жана жумушчу машиналар керек.

2129489
Израил Нусейрат лагеринин түндүгүнөн чыгып кетти

Израиль армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Нусейрат качкындар лагеринин түндүгүнөн толугу менен чыкты.

Палестинанын Жарандык коргонуу мекемесинин билдирүүсүнө караганда 8 күндөн бери курчоодо жана тынымсыз кол салууга дуушар болгон Нусейрат качкындар лагеринин түндүгүнөн Израиль армиясынын чыгып кетишинен кийин жарандык коргонуу топтору урандылардын астынан көптөгөн сөөктөрдү чыгарды.

Урандылардын астында дагы ондогон каза болгондор бар экени баса белгиленди, бирок сөөктөрдү таап алып чыгуу үчүн жарандык коргонуу топторуна жер казуучу жабдыктар жана жумушчу машиналар керек.

Израиль армиясы 11-апрелде Нусейрат качкындар лагерин курчоого алып, ал жерде катуу чабуулдарды баштаган.

Газадагы өкмөттүн басма сөз кызматы Израиль армиясынын Нусейрат лагеринде 8 күндөн берки кол салууларынан 75 кишинин каза болгонун, 348 кишинин жараланганын жарыялады. Аймактан дайынсыз жоголгондордун катарына 100 адам кошулганы маалым болду.

Израиль армиясынын радиосу армия 11-апрелден бери курчоого алып, чабуул жасап жаткан Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр ал-Белах шаарындагы Нусайрат качкындар лагеринен чыгып кеткенин жарыялаган.

Израиль кургактык күчтөрүнүн 162-батальонунун командири подполковник Дотан, Нусейрат качкындар лагеринен чыккан аскерлердин Зейтун, Шифа ооруканасы жана Нусейрат сыяктуу Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефахка бара турганын айткан.



Тектеш кабарлар