Пакистанда жамгыр жана чагылгандын кесепетинен каза болгондордун саны

Пакистандын Апаатты башкаруу башкармалыгынын басма сөз катчысы Хуршид Анвар маалымат берди.

2128856
Пакистанда жамгыр жана чагылгандын кесепетинен каза болгондордун саны

Пакистанда нөшөрлөгөн жамгыр жана чагылгандын кесепетинен каза болгондордун саны 63кө жетти.

Пакистандын Апаатты башкаруу башкармалыгынын басма сөз катчысы Хуршид Анвар, өлкөнүн ар кайсы аймактарында катуу жааган жамгырга байланыштуу билдирүү жасады.

Пенжаб, Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларында дем алыш күндөрү башталган нөшөрлөгөн жамгыр жана чагылгандын кесепетинен каза болгондордун санынын 63кө жеткенин айткан Энвер, болжол менен 1370 үйдүн зыянга учураганын кабарлады.

Жетекчилер ошондой эле жагымсыз аба ырайы шарттары жана улана турган жаан-чачындын, издөө-куткаруу иштерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенине көңүл бурушту.

Ассошиэйтед Пресс (AP) агенттигине берген маегинде Пакистандын Метеорология департаментинин жооптуусу Захир Ахмед Бабар, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөдө катуу жамгырлардын жааганын белгилеп: «Ушул айда Пакистан боюнча нормадан 61 пайызга көп жаан-чачын катталды жана бул абал климаттын өзгөрүүсүнүн өлкөбүздө эбак эле башталганын көрсөтүп турат»,-деп айтты. 



Тектеш кабарлар