Франция Бакудагы элчисин чакырды

Франция  Азербайжандын "эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарга зыян келтире турган аракеттеринен улам" Бакудагы элчисин кеңешүү үчүн чакырды.

2128638
Франция Бакудагы элчисин чакырды

Франция  Азербайжандын "эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарга зыян келтире турган аракеттеринен улам" Бакудагы элчисин кеңешүү үчүн чакырды. 

Франциянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Франциянын бул чечими (Азербайжандын эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарга зыян келтирген бир тараптуу аракеттеринен" улам чыгаргандагы айтылды. Президент Еммануэль   Макрондун өлкөсүнүн Баку элчиси менен бул тема тууралуу сүйлөшкөндүгү белгиленди.

Эми өлкөнүн карым  - катнаштарында 2023 -  жылдын акырынан бери чыңалуу болууда.

Декабрь айында Франциянын Арменияга 50 бронетехника жөнөтө турганы ачыкка чыгып, Азербайжан Арменияга аскердик материалдык колдоо көрсөтүүнү күчөткөн Париж өкмөтүн сынга алган.

Февраль айында Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну Арменияга жасаган расмий сапарында бул өлкөгө кыска, орто жана алыс аралыкка абадан коргонуу системаларын берүүгө даяр экендиктерин билдирген. 

Өткөн жылдын аягында Азербайжан Франциянын Бакудагы элчилигинин эки кызматкерин “кааланбаган киши” деп жарыялап,  январь айында Франциянын бир жараны өлкөдө тыңчылык кылган деген жүйө менен кармалган.

 

 

 



Тектеш кабарлар