Пашинян "геноцид" деген жок

Премьер-министр Пашинян «Армения Республикасынын социалдык психологиясы» темасындагы кайрылуусун Фейсбуктагы жеке баракчасына жарыялады.

2128077
Пашинян "геноцид" деген жок

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу “Чоң апаат (Meds Yeghern)” жана “кыргын” деген сөздөрдү колдонушу өлкөсүндө талаш-тартыштарды жаратты.

Премьер-министр Пашинян бийликтеги партиясы «Жарандык келишимдин» саясий мектеби үчүн даярдалган «Армения Республикасынын социалдык психологиясы» темасындагы кайрылуусун Фейсбуктагы жеке баракчасына жарыялады.

17-кылымдын башында Иран шахы Аббас тарабынан армяндардын Иранга көчүрүлүшүнүн элдин социалдык психологиясына терең таасирин тийгизгенин жүйө кылган Пашинян 1915-жылдагы окуяларга да токтолду.

Пашинян 1915-жылдагы окуялар үчүн “геноцид” дегендин ордуна “Чоң апаат (Meds Yeghern)” жана “кыргын” деген сөздөрдү колдонду.

Кыска убакыттын ичинде оппозициялык чөйрөлөрдүн реакциясын алган Пашиняндын сөздөрү өлкөдө күн тартибине айланды.

Никол Пашинян сындоолорго азырынча жооп бере элек.



Тектеш кабарлар