Орусия: "Түркия менен көптөгөн темада кеңешип жатабыз"

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2128465
Орусия: "Түркия менен көптөгөн темада кеңешип жатабыз"

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, түрк өнөктөштөрү менен Кара деңиз баш болгон көптөгөн темада кеңешкендерин айтты.

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Түркиянын Кара деңиздеги кемелердин коопсуздугун камсыз кылуу келишимине байланыштуу Орусия жана Украина менен эки айдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жана Украинанын даярдалган келишимден баш тарткандыгы жөнүндөгү сөздөргө баа берди.

Песков, «Бул тууралуу айта турчу эч нерсем жок. Түрк өнөктөштөрүбүз менен күн тартибибизде Кара деңиз баш болгон көптөгөн маселелер бар. Ар кандай темаларда кеңешип жатабыз»,-деп айтты.

Британиянын Рейтер агенттигинин атын атагысы келбеген булактарга таянып берген кабарында, Түркиянын Кара деңиздеги кемелердин коопсуздугун камсыздоо келишими боюнча Орусия жана Украина менен эки айдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы, бирок украин тараптын даярдалган келишимден акыркы мүнөттөрдө баш тарткандыгы айтылган.



Тектеш кабарлар