Индияда кеме чөгүп 6 киши каза болду
Мамлекеттик кырсыкка каршы күрөшүү күчтөрүнүн (SDRF) издөө - куткаруу иштерин улантып жаткандыгы айтылды.
2128481
Индиянын Жамму Кашмир аймагында кеме оодарылып 6 киши, анын ичинен 4 бала каза болду.
NDTV каналынын кабарына караганда, кеме Сринагар шаарындагы Джелум дарыясында курулуп жаткан көпүрөгө урунуп, оодарылган.
Жетекчилер оодарылган кемеде 4 бала болгон 6 кишинин каза болгонун, 10 кишинин дайынсыз жоголгонун жарыялашты.
Мамлекеттик кырсыкка каршы күрөшүү күчтөрүнүн (SDRF) издөө - куткаруу иштерин улантып жаткандыгы айтылды.