Гутерреш : "Дүйнө судандыктарды унутту"

Антонио Гутерреш БУУнун Нью - Йорктогу башкы кеңсесинде Судандагы кагылышуулардын 1 жылдыгына байланыштуу басма сөз кызматкерлерине маалымат берди.

2128323
Гутерреш : "Дүйнө судандыктарды унутту"

 БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Суданда бир жылдан бери уланып жаткан кагылышуулардын жетеринче күн тартибинде эмес экенин, судандыктардын «унутулгандыгын» айтты.

Антонио Гутерреш БУУнун Нью - Йорктогу башкы кеңсесинде Судандагы кагылышуулардын 1 жылдыгына байланыштуу басма сөз кызматкерлерине маалымат берди.

Өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн акыркы 48 саатта «Жакынкы Чыгышта чыккан кризиске көңүл бурганын» белгилеген Гутерреш : «Дүйнө судандыктарды унутууда»,-деди.

Баш катчы акыркы 3 күндө Иран менен Израилдин ортосундагы кризистин Судан сыяктуу өлкөлөрдөгү өзгөчө кырдаалдарга көлөкө түшүргөнүн баса белгиледи.

Гутерреш Судандагы кагылышуулар биринчи жылын аяктаганына карабастан, саясий чечимдин али алыс экенин жана өлкөдөгү абалдын бул согушкан эки тараптын ортосундагы  кагылышуудан дагы көп нерсе экендигин айтты.

Антонио Гутерреш Суданга 2,7 миллиард долларлык гуманитардык жардам планына байланыштуу акчанын 6 пайызынын гана чогултулганына көңүл буруп, өлкөдөгү кагылышуулардан улам качкындар кризисин чечүү үчүн зарыл болгон болжол менен 1,5 миллиард долларлык планга байланыштуу акчанын  7 пайызынын гана чогултулгандыгын айтты.  

Бул жардамдардын чолугушу үчүн  Европа Биримдиги өкмөттөрү тарабынан өткөрүлгөн кечээки чогушулка токтолгон Гутерреш : «Судан калкы бул кыйынчылыктан чыгышына жардам берүү үчүн глобалдык коомчулуктун колдоосуна муктаж»,- деди.



Тектеш кабарлар