Түндүк Корея - Кытай кызматташтыгы

Түндүк Кореянын расмий Корея борбордук кабар агенттигинин (KCNA) маалыматына караганда, Ким Чен Цао менен борбор шаар Пхеньянда жолугушту.

2127770
Түндүк Корея - Кытай кызматташтыгы

Түндүк Корея менен Кытайдын ортосунда кызматташтыкты арттырууга карата жаңы кадамдар ташталды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайдын Улуттук Элдик конгрессинин Туруктуу комитетинин төрагасы Цао Личи менен эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу жана карым-катнаштарды тереңдетүү темаларын талкуулады.

Түндүк Кореянын расмий Корея борбордук кабар агенттигинин (KCNA) маалыматына караганда, Ким Чен Цао менен борбор шаар Пхеньянда жолугушту. Ким менен Цао “достук мамилелерди” дагы да тереңдетүү жана эки тараптуу кызматташтыкты арттырууну талкуулашты.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Кытай менен өлкөсүнүн ортосундагы “кылымдардан бери келе жаткан достукту” өнүктүрүүнүн Пхеньяндын “өзгөрүлгүс” саясаты экенин баса белгиледи.

Кытайдын Улуттук Элдик конгрессинин Туруктуу комитетинин төрагасы Цао Личи кечээ Түндүк Кореянын Элдик Жогорку Кеңешинин Туруктуу комитетинин төрагасы Чое Рён Хэ менен да жолугуп, эки өлкөнүн ортосунда акыркы 5 жылдын эң жогорку деңгээлдеги жолугушуусу экени маалымдалган.



Тектеш кабарлар