Байден Израилге болгон колдоосун кайталап, Ирандын Израилге кол салууларын айыптады

АКШнын президенти Байден өзүнүн X баракчасында Ак үйдөгү Кырдаал бөлмөсүндө улуттук коопсуздук тобу менен болгон жолугушуусунан бир кадрды бөлүштү.

2127359
Байден Израилге болгон колдоосун кайталап, Ирандын Израилге кол салууларын айыптады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Израилге болгон колдоосун кайталап, Ирандын Израилге кол салууларын эң катуу түрдө айыптаганын айтты.

Жо Байден жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Иран жана анын Йемен, Сирия жана Ирактагы уюмдары бүгүн Израилдеги аскердик объектилерге болуп көрбөгөндөй абадан кол салышты. Бул кол салууларды эң катуу түрдө айыптайм»,-деди. 

Израилдин коргонуусуна жардам берүү үчүн өткөн аптада кээ бир кошумча америкалык аскерий элементтердин аймакка көчүрүлгөнүнө көңүл бурган Байден : «Биз Израилге (Ирандан келген) дээрлик бардык учкучсуз учуучу аппараттарды жана ракеталарды атып түшүрүүгө жардам бердик»,-деп маалымат берди.

Ирандын кол салуусунан кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен болгон телефон сүйлөшүүсүнө токтолгон Байден, «АКШ Израилдин коопсуздугу үчүн өзүнүн туруктуулугун дагы бир жолу баса белгилегенин» билдирди.

Байден Израилдин аймактагы душмандарынан өзүн кантип коргой аларын бүгүн кечинде көрсөткөнүн белгиледи.

Байден ошондой эле бүгүн G-7 лидерлерин Иранга биргелешкен дипломатиялык жоопту талкуулоо үчүн чогулта турганын билдирди.

Израиль жана аймактагы башка шериктеш өлкөлөр менен жолугушууларын улантып, процесстин жүрүшүнө баа бере тургандарын белгилеген Байден, америкалык аскерлерге кол салуу болбосо да, кыраакы жана кылдат кыймылдап, өз жарандарын коргоо үчүн эмне керек болсо жасай тургандарын билдирди. 

АКШнын президенти Байден өзүнүн X баракчасында Ак үйдөгү Кырдаал бөлмөсүндө улуттук коопсуздук тобу менен болгон жолугушуусунан бир кадрды бөлүштү.

Байден өз билдирүүсүндө: "Ирандын Израилге кол салуусуна байланыштуу акыркы абал үчүн улуттук коопсуздук тобум менен жолугуштум. Ирандын коркунучтарына жана анын уландыларына каршы Израилдин коопсуздугуна болгон берилгендигибиз бекем" деди.

Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN кабарына караганда Израилдин коргоо министри Йоав Галлант да америкалык кесиптеши Ллойд Остин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Остин Галланттан Израилдин Ирандын кол салууларына кандайдыр бир жооп берерден мурда АКШга акыркы окуялар тууралуу маалымат берүүсүн суранды.



Тектеш кабарлар