Хизбулла: "Израилге жооп кайтарылууда"

Хизбулла кыймылы билдирүү жасады.

2127283
Хизбулла: "Израилге жооп кайтарылууда"

Хизбулла кыймылы, Ливандын түштүгүнөн Израилдин түндүгүнө чабуул башталганын жарыялады.

Кыймылдын билдирүүсүндө, Израиль күчтөрүнүн Ливандын түштүгүнө карай кол салууларына жооп иретинде Израилдин Жогорку Жалилдеги Аль Заур аскердик базасынын ондогон Катюша ракеталары менен аткыланганы белгиленди.

Израилдин түндүгүндөгү Рамот Нафтали конушундагы аскерий базага да камикадзе учкучсуз учуучу аппарат менен кол салынганы кабарланды.

Израиль армиясы болсо билдирүүсүндө, Ливандан Израилдин түндүгүнө карай 40 ракета учурулганын жана алардын бир бөлүгүнүн темир купол системасы менен аткыланганын, калгандарынын бош жерлерге түшкөнүн, эч кандай жоготуу болбогонун белгиледи.

Исламий Жихаддын аскердик канаты Аль-Кудс бөлүктөрү да Израилдин түштүгүндөгү Сдерот шаарына жана Газа чек арасындагы жөөт отурукташкан жерлерине ракеталык чабуул жасап, Газадагы Израилдин аскердик унаа конвойун баррель бомбасы менен бутага алды.

Израиль армиясынын да Ливандын түштүгүндөгү тоолуу аймактарга согуштук учактар ​​менен кол салганы белгиленди.

Израиль армиясы билдирүүсүндө, Рихан тоолорундагы кол салууда Хизбулла буталарына сокку урулганын маалымдады.

Курман болгондор жана кыйроолор боюнча Хизбулладан эч кандай билдирүү айтылган жок.



Тектеш кабарлар