АКШнын Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөткөндүгү айтылууда

Израиль 1-апрелде Ирандын Дамасктагы элчилигинин кампусунда жайгашкан консулдуктун имаратына абадан чабуул жасаган.

2127331
АКШнын Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөткөндүгү айтылууда

Израиль менен Ирандын ортосунда чыңалуу күчөгөндөн кийин АКШнын Жакынкы Чыгышка кошумча күч жөнөткөндүгү айтылды.

Эл аралык маалымат каражаттарында АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнө таянып чыккан кабарда, АКШнын аймактагы бөлүктөрүнүн коргонуу күчүн арттыруу жана аймактык сестентүүнү колдоо максатында Жакынкы Чыгышка кошумча күч жибергени белгиленди.

Бир тараптан америкалык эки жетекчи Politico кабар сайтына берген билдирүүсүндө, Ирандын Вашингтондон реакция албай турган жана аймактык кагылышууну пайда кылуудан алыс боло турган олуттуу жооп кайтаруу стратегиясын түзгөнүн маалымдашты.

Атын атагысы келбеген жетекчилер: «Иран жакынкы күндөрдө Израилге ракеталык жана учкучсуз аппараттардан турган демейдегиден чоңураак аба чабуулун уюштурууну пландап жатат»,-дешти.

Израиль 1-апрелде Ирандын Дамасктагы элчилигинин кампусунда жайгашкан консулдуктун имаратына абадан чабуул жасаган. Кол салууда Иран Революциялык сакчылары армиясынан 2си генерал жалпы 7 киши каза болгон.

Ирандын лидери Аятолла Али Хаменеи, Израилдин кол салуусунун өлкөсүнүн аймагына кол салууну билдиргенин белгилеп: «Жаман режим ката кетирди, жазаланышы керек жана жазаланат»,-деген.

АКШнын президенти Жо Байден да Ирандын Израилге кол салуу коркунучуна каршы Тель-Авивге «чексиз» колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын билдирген.



Тектеш кабарлар