Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газага 189 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

2127062
Газада каза болгондордун саны

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 634кө жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 189 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесине акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 89 палестиналыктын каза тапканы, 120 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 33 миң 634кө, жаралуулардын саны 76 миң 214кө жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы айтылды. 



Тектеш кабарлар