Нобель сыйлыгынын ээси физик Питер Хиггс 94 жашында каза болду
Эдинбург университетинин билдирүүсүндө, 94 жаштагы Хиггс «кыска убакытка созулган оорудан кийин үйүндө көз жумганы» белгиленди.
Чоң жарылуудан кийин заттын кандай пайда болгонун түшүндүрүүгө жардам берген "God particle" деп да аталган «Хиггс бозону» түшүнүгүн ачкан Нобель сыйлыгынын ээси физик Питер Хиггс 94 жашында каза болду.
Эдинбург университетинин билдирүүсүндө, 94 жаштагы Хиггс «кыска убакытка созулган оорудан кийин үйүндө көз жумганы» белгиленди.
1964 - жылы Хиггс бөлүкчөлөргө массасын бергендиги болжолдолгон "Хиггс бозону" деп аталган субатомдук бөлүкчө теориясын ачкан.
Бельгиялык физик Франсуа Энглерт менен бирге бөлүкчөлөрдүн бири-биринен көз карандысыз массаларга кантип ээ болгондугун түшүндүргөн Хиггс 49 жыл мурун ортого салган теория 2012-жылы Швейцариянын Женева шаарындагы Европа ядролук изилдөө борборунун (CERN) илимпоздору тарабынан тастыкталган.
Хиггс бул эмгеги үчүн 2013 - жылы физика боюнча Нобель сыйлыгын алган.