Франция Израилге санкция салынышы мүмүкн экендигин белгиледи

Франциянын тышкы иштер министри Стефан Сежурн Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Израилге кысым жана санкциялардын колдонулушу мүмкүн экенин билдирди.

2126558

Сежурн конок болгон француз RFI радиосу менен France 24 каналынын биргелешкен уктуруусунда Газага гуманитардык жардам темасын талкуулады.

Гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн Газа тилкесинин түндүгүндө жана түштүгүндө өтмөктөрдүн ачылышын талап кылган Сежурн жүздөгөн жардам унаасынын аймакка өтүшү керектигин баса белгиледи.

Франциянын Батыш Шериада палестиналыктарга каршы зомбулук кылган мыйзамсыз еврей отурукташуучуларга каршы Европа деңгээлинде санкция сунуштаган биринчи өлкөнүн Франция экендигине көңүлдөрдү бурган Сежурн, гуманитардык жардамдын Газага барышы үчүн керек болсо муну уланта тургандарын белгиледи.

Сежурн Палестина маселесинин эки мамлекеттүү чечилишин жактай тургандарын баса белгилеп, өлкөсүнүн «Израилдин досу» болууну уланта турганын белгиледи.

Тектеш кабарлар