Россиянын тышкы иштер министри Лавров Кытайда
Пекинге барган Лавров кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушту.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина согушу, эки тараптуу кызматташтык жана эл аралык темалар кара турган 2 күндүк расмий сапар үчүн Кытайга барды.
Пекинге барган Лавров кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушту.
Азырынча эки тараптан тең жолугушуу боюнча эч кандай билдирүү бериле элек.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова министрлердин жолугушууда Украина жана Азия - Тынч океандагы абал, эки траптуу жана эл аралык тармактардагы кызматташуу темаларынын караларын билдирди.
Сапардын Россиянын президенти Владимир Путиндин бул айдын ичинде Кытайга жасашы күтүлүп жаткан сапар үчүн даярдык экендиги болжолдолууда.
Тектеш кабарлар
Багам аралдары Палестинаны расмий тааныды
Барбадос менен Ямайка да апрель айында Палестинаны мамлекет катары таануу чечимин кабыл алышкан.