Газада каза блгондордун саны 33 миң 207ге жетти
Газадагы Палестина Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген билдирүүдө Израилдин Газа тилкесине 185 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Израиль армиясынын 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесинде жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 207ге жетти.
Газадагы Палестина Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген билдирүүдө Израилдин Газа тилкесине 185 күндөн бери кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинде жасаган кол салууларында дагы 32 палестиналыктын каза болгону, 47 палестиналыктын жараланганы белгиленди.
Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 33 миң 207ге, жаралуулардын саны 75 миң 933кө жеткендиги айтылды.
Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле сөөктөрдүн бар экени, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.